Биз менен байланышыңыз

Чилиде башаламандыктын айынан 1,500дөй адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 485 | 0

Чилидеги нааразычылык акциясынан улам 20-октябрь күнү 1462 катышуучу туткундалды. Бул тууралуу жергиликтүү Bio Bio радиосу маалымдады.

Ага ылайык, борбор шаардан 614 адам туткундалса, калган 848и ар кайсы региодордон кармалган. Ошондой эле 5 киши башаламандыктан келип чыккан өртттөн улам каза болгон.

Нааразычылыктан улам коомдук транспорт кыймылдарынын режими бузулгандыктан жалпы 43 аймактардагы мектептер убактылуу жабылган.

Чилиде бир нече күндөн бери каршылык кыймылдары уланып келет. Ага Чилинин борбор шаары Сантьягодо метродогу жол акыны 3-4 сомго көбөйтүү себеп болгон.

Каршылыктар күчөгөндүктөн жума күнү, 18-октябрда Сантьягодо өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген. Андан соң Чилинин президенти Себастьян Пиньера метродогу жүргүнчү акысын көтөрүүдөн баш тартышканын кабарлаган, бирок демонстранттар каршылык акциясын токтотушкан эмес. Башаламандыктар Сантьгодон башка аймактарга да жайылууда.

Copyright © 2017 Maral FM