Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Жакырчылык экономикалык саясаттын туундусу

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Окт 2019 | 659 | 0

Жакырчылык экономикалык саясаттын туундусу. Ал чабал болсо, жумушчу орундар кыскарып, элдин кирешеси азаят. Натыйжада жакырчылыктын деңгээли өсөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жакырчылыкты жоюу милдети жүктөлгөн. Бирок мекеменин бюджетинин 99,2% социалдык коргоонун пассивдүү иш-чараларына жумшалат. Пенсия, жөлөк пул менен жакырчылык жоюлбайт.

Мындан улам социалдык коргоонун активдүү иш-чараларын ишке ашыруу зарыл болчу. Бирок бул багытта министрликке тиешелүү каражат бөлүнбөй жатат.

«10 жылдан ашуун жөлөк пул алган жаран 1 млн 778 миң жардам алган. Бирок абалы ошол бойдон. Мындан улам азыркы саясат улана берсе, алардын абалы өзгөрбөйт. 1-2 жылдык жөлөк пулду бир убакта берип, иш алып баруусуна шарт түзүп берсек болмок. Тилекке каршы каражат тартыш. Учурда берген 1 сом, эртең 10 сомду үнөмдөйт. Бирок эртеңки күндү эч ким ойлобойт», -деди Кочкоров.

Ал министрликти жакшы нука салуу боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлгөнүн, мекемеде ачык-айкындуулук жаратып, элдин ишеним индексин көтөрүү багытында иштер жасалып жатканын да кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM