Биз менен байланышыңыз

Испаниядагы нааразычылык акциясы [фотогалерея]

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Окт 2019 | 509 | 0

Испанияда 14-октябрдан бери нааразычылык акциялары токтобой келет. Калайман нааразылык акциялары каталониялык жикчилдердин таасирлүү лидерлери, активисттер соттолгондон кийин башталган. Жогорку сот 14-октябрда тогуз адамды 9 жылдан 13 жылга чейин түрмөгө кескен. Аларга мындан эки жыл илгерки Каталониянын көз карандысыздыгы боюнча референдумда «элди өкмөткө каршы үгүттөп, тукурган» деген айып тагылган. Аларга бийликке баш ийбегени үчүн айып пул да салынды. Соттолгондордун ичинен эч кимиси күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Испаниянын Каталония аймагында 18-октябрда испан сотуна каршы иш таштоо акциясы уланды. Барселонадагы демонстрацияга көп сандаган адамдардын катышуусу күтүлүүүдө.

Нааразычылык акцияларынан улам 4 күндө 150дөн ашык адам ар кандай жаракат алган. Ошондой эле жүздөгөн адам туткундалган.

Демонстранттар унааларды өрттөөдө
Ипаниядагы баш аламандыктардан улам 26-октябрга белгиленген «Барселона» менен «Реал» футболдук командаларынын беттеши кийинге жылдырылды. Азырынча беттештин так убакыты айтыла элек.

Copyright © 2017 Maral FM