Биз менен байланышыңыз

30 инновациялык мектепке 300 түрдүү лабораториялык жабдыктар орнотулду

Кыска кабар | 18 Окт 2019 | 382 | 0

Учурда өлкөдөгү 30 инновациялык мектеп жаңы окуу эмеректери, акыркы үлгүдөгү компьютерлер, көп функционалдуу каражаттар, интерактивдүү доскалар, сервердик жабдыктар жана видеоконференциялык байланыш системалары менен камсыздалды. Бул Азия өнүктүрүү банкынын “Cекторду өнүктүрүү программасы: билим берүү системасын бекемдөө” долбоорунун негизинде ишке ашты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Илимий багыттагы предметтерди окутуунун сапатын жогорулатуу максатында аталган инновациялык мектептер жалпы 300 түрдүү лабораториялык каражаттар менен жабдылды.

Бул мектептердеги информатика мугалимдеринин потенциалын бекемдөө үчүн аймактык билим берүү институттарынын жана областтык методикалык борборлордун адистери тарабынан окутуу уюштурулган. Алар сервердик инфраструктураны орнотуу, тууралоо долбоордун алкагында ачылган мультимедиалык класстарды өздөштүрүүнү үйрөнүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM