Биз менен байланышыңыз

Самат Долотбаков: Китепканам менен сыймыктанам

Көңүл ачуу , Марал шоу | 17 Окт 2019 | 970 | 0

Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү аракетчил, эмгекчил ырчылардын бири, жеке ишкер Самат Долотбаков «Марал-шоу» программасынын кадырлуу коногу болуп, кызыктуу маек куруп берди.

— Салт болуп калгандай эле эфирди чыгармачылыктагы жаңылыктарыңызды суроо менен баштайлы…

— Бул жылы чыгармачылыгыма арышты кенен аттап кириштим. Чет мамлекеттерде популярдуу болгон жана мага жаккан ырларды аткарып чыгып жатам. Мындайча айтканда, кавер ырларды жаздыруудамын. Көпчүлүк: «Элге таанылып калдың, эмнеге кавер ырдап жатасың? Аны жаңы чыгып келе жаткан ырчылар ырдайт», — деген суроолорду беришет. Бирок мен: «Америкалык популярдуу ырчылар деле кавер аткарып жатышат», — деп дайыма айтып келем. Негизги максатым, ар жылы экиден ыр жана клип жаратуу. Жакында «Той» аттуу юморлуу чыгармамды элге тартууладым. Азыр дагы жаңы ырдын үстүндө иштөөдөмүн.

— «Кийинки жаштар китеп окубай калды» деген сын-пикирлер арбын айтылат. А сиздин китепке мамилеңиз кандай? 

— Мен өзүмдүн китепканам менен сыймыктанам. Офистеримде жана үйдө китептерим бар. Кыргызстанга чет жердин аттуу-баштуу адамдары келгенде, кол тамгасы менен калтырып кетишет. Чынын айтыш керек, бардыгын окуган эмесмин. Бирок, бир айда бир китептен окуп турам.

— Кайсы жерден билим алгансыз?

— Кыргызстан эл аралык университетин аяктагам. Ырчылык жактан сабатым жок. Буйруса, сабак алайын деген максатым бар.

— Сиздин оюңузча, дипломдун канчалык деңгээлде керек?

— Банкта жети жыл кызмат кылдым. Ошол жерге керек болду. Ал эми азыр менин жумушумда, элүүдөн ашуун адам эмгектенет. Бирок  бирөөнөн да диплом сурабайм. Талантына, шыгына карап, иштеше алсак, жумушка диплому жок алам.

— Адамдын эмнесине карап мамиле түзөсүз?

— Дайыма колдонуп келген, «Эгер сен ийгиликтүү болгуң келсе, айланаңдагы адамдар сенден да ийгиликтүү болушу керек», — деген жакшы принцибим бар. Досторумдун көбү — бизнес чөйрөсүндөгү ийгиликтүү адамдар. Алардан жакшы маалыматтарды алып, мен да ийгиликтүү болгум келет. Мени артка тарткан адамдарды жок кылгам. Өзүмдүн айлана-чөйрөмдөгү адамдардын арасынан эң жаманы мен болушум керек. Ошондо гана алардан сабак алып, эртеңки күнү сен дагы ошондой ийгиликтүү болосуң.

Copyright © 2017 Maral FM