Биз менен байланышыңыз

Токтобек Асаналиев: “Концертиме 33 миң доллар сарптагам”

Көңүл ачуу , Марал шоу | 27 Ноя 2019 | 1135 | 0

“Ат башым”, “Сымбатым” аттуу ырлары менен калың журтка таанымал болгон, ар өнөрдөн такталган, ар өнөргө чап салган ырчы мырза, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев “Марал шоу” программасында конокто болду.

-Чыгармачылыгыңызга 28 жыл болот экен. Бул чөйрөдөн эмне таптыңыз?

— Ачка-ток болгон күндөр болот экен. Көп дос күттүм, үй-бүлө курдум, кадыр-барк таптым.

-Кыргызстанда эң алгач концертти театралдаштырып койгон сизсиз. Кийинки концертиңиз кандай өзгөчөлүктөр менен өтөт?

— Алтынбек Максүтов агабыз менен эки сааттык концертти театралдаштырып сценарийин түзүп, эки ай даярданып өткөргөнбүз. Ошол концертиме 33 миң доллар коротком. Менин жакшылыгыма салым кошкон ар бир бийчи, актерлорго акчамды бөлүп бергем. 200дөй коллектив иштештик. Аларга чайымды кайнатып, даярданып бүткөн соң, такси менен жеткирдик. Ошондой жакшы шарт түзүп алып, концертке даярданганбыз.  Азыр алар мага ыраазы. Буюрса, алдыда концерт берсем деген пландар бар.

-“Өмүрдүн чеги бар, өнөрдүн чеги жок” деп коёт эмеспи. Өнөр, чыгармачылык сиз үчүн эмне?

— Өнөр бул — өлбөстүк, өлүп кайра жашай турган өмүр. Чыныгы өнөрпоздор өмүрүн өнөргө арнаган инсандар.

-Көп бир туугансыз. Сизден башкалары ырдашабы?

— Эжекелерим комуз чертишчү. Бирок, турмуш шартка байланыштуу, үй-бүлө куруп, бул жаатка аралаша албай калышты. Чынында, баары эле жакшы ырдашат. Тойлордо өзүм эмес, бир туугандарымды ырдатам.

Copyright © 2017 Maral FM