Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алып бизнести өнүктүрүп жатабыз

Кыска кабар | 17 Окт 2019 | 416 | 0

Ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү менен ата мекендик бизнести өнүктүрүп жатабыз. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган маселе боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.

«Биз «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргиздик. Алардын бири мамлекеттик документтерге тийиштүү, тагыраагы, биз аларга тапшырык бербестен, өз өлкөбүздө жасашыбыз керек. Экинчи өзгөртүү бизге импорттук товардан 20 % кымбат болсо да ата мекендик өндүрүштөгү товарларды сатып алууга мүмкүндүк берет. Бул бизнести колдоонун дагы бир кадамы жана башка өлкөгө кетип жаткан акчалар бизде калат», — деди премьер-министр.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен электрондук мамлекеттик сатып алуулар боюнча 60 млрд сомго жакын суммага 53 870 сынак ийгиликтүү өткөн. 9 744 сынак боюнча ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө жеңилдиктер берилген. Ушул эле мезгилде жалпысынан 346 сынак преференция алышкан.

Премьер-министрге билдирилгендей, ушул жылдын сентябрынан тарта сынактык документацияны тариздөөдө ички товар өндүрүүчүлөр үчүн сатып алуу суммасына жараша милдеттүү түрдө 20 %га чейин жеңилдик көрсөтүүгө чектөө киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM