Биз менен байланышыңыз

Президент: Аймактарда кичи жана орто ишкерликти колдоо – мамлекеттин башкы багыты

Кыска кабар | 17 Окт 2019 | 591 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Кара-Тектир айылындагы «Аселим» кийим тигүүчү цехтин иши менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Учурда ишканада 90 адам иштеп, өндүрүлгөн товар Орусияга экспорттолот. Өндүрүш линиясын кеңейтүү максатында жаңы объектини куруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жер тилкесин бөлүп беришти, ошондой эле жеңилдетилген насыяны бөлүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Жээнбеков аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын башкы багыттарынын бири жер-жерлерде кичи жана орто ишкерликти колдоо болуп саналарын, ишкердик демилгелерге бардык жагынан жардам көрсөтүүнүн өзгөчө маанисин баса белгиледи.

Ал мындай ишканалардын санынын көбөйүшү өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө жана жаңы иш орундарын түзүү аркылуу ички миграцияны азайтууга өбөлгө түзөт деп айтты.

Өлкө башчысы аймактарда ишкердикти өнүктүрүү иши мындан ары дагы тиешелүү мамлекеттик органдардын ишмердигинин артыкчылыктуу багыты болуп кала берерине ишендирди.

Ошондой эле Мамлекет башчысы Токтогул районунун бал азыктарынын көргөзмөсүн көрүп чыкты. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен болгон баарлашуусунда ал ата мекендик продукция өзүнүн сапаты жана экологиялык тазалыгы менен чет өлкөлүк рыноктордо атаандаштык түзө алат деп баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM