Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик вице-премьер-министрлери чек ара маселесин талкуулашты

Кыска кабар | 16 Окт 2019 | 619 | 0

Бүгүн, 16-октябрда Баткен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги долбоордук сызыкты чийүүнү улантуу боюнча ар тараптуу пикир алмашуу жүрдү.

Жигердүү аракеттеги жумушчу топтун милдети мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди тез арада чечүүдө алгылыктуу натыйжага жетишүү болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери эки өлкөнүн чек арасында иш жүргүзгөн топографиялык жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топко конкреттүү тапшырмаларды беришти.

Copyright © 2017 Maral FM