Биз менен байланышыңыз

БУУ: Бийлик журналист Ассанжды одоно түрдө кыйноого алышкан

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2019 | 744 | 0

«WikiLeaks» сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжга психологиялык залал келтирилген жана укугу одоно бузулган. Бул тууралуу БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Нильс Мельцер маалымдады.

Журналист британ бийлигинин кысымына кабылып жаткандыгын, психологиялык жактан жабыркап, абалы оор экендигин «WikiLeaks» сайты июль айында эле жазып чыккан.

«Биз эки ирет медициналык эксперттер менен барып текшерүү жүргүздүк. Жыйынтыгында ал көп убакыттан бери психологиялык кысымга кабылган деген чечимге келдик. Бул — медициналык эксперттердин корутундусу», — деди Мельцер.

Ассанждын ишине кызыкдар болгон Эквадор, Швеция, АКШ жана Улуу Британия өлкөлөрү БУУнун конвенциясында кыйноолорго каршыбыз деген убада берилгенин айтып, журналисттин укугунун бузулушуна байланыштуу териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн кайрылганын билдирди. Бирок аталган өлкөлөрдөн оң жооп болгон эмес.


Лондон Ассанжды өлүмгө тартуучу өлкөгө бербейт


7 жылдан соң Ассанжды Эквадор элчилигинен кууп чыгышкан. Ага дагы деле өлүм жазасы берилери айтылууда. Ассанж учурда Лондондо күрөөгө сыртка чыгуу шартын бузгандыгы үчүн 50 жумалык жаза мөөнөтүн өтөөдө. Ал шарт боюнча 22-сентябрда боштондукка чыкмак, бирок сот «Экстрадиция маселеси чечилмейинче абакта калсын» деген чечим чыгарган.

11-июнда АКШнын Юстиция министрлиги Улуу Британияга Ассанжды экстрадициялоо боюнча расмий кайрылуу жасашкан. АКШ «WikiLeaks» сайтынын негиздөөчүсүнө каршы 17 жаңы айыпты атаган. Анын ар бирине 10 жылдан берилери айтылган. Вашингтон Ассанжды эң башкысы тыңчылыкка айыптоодо.

Кошумчалай кетсек, Ассанж 2010-жылы Швецияда сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча айыпталып, 2012-жылдын июнь айынан баштап, экстрадициядан сактанып, Эквадор элчилигинде 7 жылдан бери жашырынып келген. 2019-жылдын 11-апрелинде Британия аскерлери Эквадордун Лондондогу элчилигинде Швеция жана АКШнын ордери аркылуу кармалган. Ага чейин Эквадор бийлиги Ассанжга мындан ары башпаанек берүүдөн баш тарткан. Лондондогу сот журналистти күнөөлүү деп тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM