Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясын иликтөөчү комиссия окуя болгон жерге барды

Кыска кабар | 16 Окт 2019 | 463 | 0

Кой-Таш айылында болгон окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү айылдын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууда болгон сөздөр тууралуу айтыла элек. Бул кабарды Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү айылдагы бир катар объекттерге барышты. Анын ичинде турак үйлөр, өрттөнүп кеткен айылдык милиция бөлүмү да бар.

 

Copyright © 2017 Maral FM