Биз менен байланышыңыз

«Жерүй» кени боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт

Кыска кабар | 6 Фев 2021 | 1006 | 0

Келерки жумада компетенттүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү тургундардын, көз карандысыз эксперттердин жана экологдордун катышуусу менен «Жерүй» кенин иштетүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун Талас шаарында болгон эл менен жолугушуусунда маалымдады.

Суроо-жооп форматында өткөн кеңешменин жүрүшүндө облустун тургундары «Жерүй» алтын кенинин иштеши, анын ичинде өндүрүш ишинин экологияга тийгизген таасири боюнча маселелерди көтөрдү.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, экологиялык коопсуздук маселеси Өкмөт үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат жана өзгөчө көзөмөлдө турат.

«20-январда «Sensor Group» компаниясынын адистери келип, аталган маселелерди иликтеп, анча чоң эмес кемчиликтерди аныктаган. Аталган кемчиликтер оңдолгон. Ишкана калдык сактоочу жайга мембрананын кошумча катмарын орнотот. Мен калдык сактоочу жайдын коопсуздугу камсыздаларын баса белгилейм. Бирок орнотуу үчүн кошумча убакыт талап кылынат», — деди ал.

Буга катар биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, «Жерүй» кенин иштетүү экономиканы жана аймакты өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ.

Талас облусунун тургундары менен жолугушуунун жүрүшүндө ал эске салгандай, президент Садыр Жапаров «Тоо-кен секторун реформалоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Өкмөт ушул жылдын 1-июлуна дейре Тоо кодексинин долбоорун иштеп чыгат, анда мамлекеттик маанидеги кендердин тилкесин иштетип жаткан жана андай лицензияга ээ болгон ишканаларды эске албаганда, жалпы мамлекеттик маанидеги кендердин уставдык капиталында мамлекеттин 100% катышуусу бар улуттук тоо-кен компаниясы иштетүүсү каралмакчы. Баалуу металлдарды иштетүү боюнча бардык жаңы долбоорлордо мамлекеттин үлүшү каралат.

Copyright © 2017 Maral FM