Биз менен байланышыңыз

Азимов: 2020-жылы жалпы шайлоолорго 1 млрд 214 млн сом каралууда

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Окт 2019 | 512 | 1

2020-жылы жалпы шайлоолорго 1 млрд 214 млн сом каралууда. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын берген маалыматына ылайык, алдыдагы парламенттик шайлоого 560 млн сом кетет. 2020-жылдын март-май айларында 31 Жергиликтүү Кеңешти шайлоого 60,5 млн сом бөлүнөт. Ошол эле жылдын декабрында 386 Жергиликтүү Кеңешти шайлоого 386 млн сом коротулат.

Республикалык бюджеттин 2020-жылга карата долбооруна ылайык, казынанын киреше бөлүгү 163,7 млрд сом, чыгашалар 173,7 млрд сом, ал эми тартыштык 10 млрд сомду түзүшү күтүлөт. 2021-жылы бюджеттин тартыштыгын 8,6 млрд сомго, 2020-жылы 5,7 млрд сомго чейин азайтуу планы бар.

2020-жылы ИДПнын номиналдуу көлөмү 667,1 млрд сомду, ал эми реалдуу өсүш темпи 5 пайызды түзөрү болжолдонууда.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    20.10.2019 17:39

    Ошончо акча коротконго жараша шайлоо таза отсо жакшы болмок.
    Корунгон бурчка алып барып коркутуп, паспортторду акча берип жыйнап, мугалим, студенттерди коркутуп, уркутуп, айылдарды акча таратып, атасына аш берип, валейбол, футбол, ойнотуп, концерт берип, шайлоо откоргончо откорбой эле койгула. Уят деген, бет деген депутаттардан калбай эле калды. Мамлекетти, парламентти менчикке айлантып алышкан.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM