Биз менен байланышыңыз

Азербайжандын президенти Кыргызстанга мектеп жана бала бакча курат

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Окт 2019 | 1458 | 0

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жолугушуусу жемиштүү болду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Алиев Жээнбековдун чакыруусу менен Кыргызстанга расмий сапарга келет. Азербайжан президенти 2020-жылы келери күтүлүүдө.

Эки өлкө башчысы кызматташтыкты өнүктүрүүнү тиешелүү тармактарга тапшырышты.

Алиевдин атынан Кыргызстанда мектеп жана бала бакча курулат. Анын ачылышы Азербайжан президенти расмий сапар менен өлкөгө келишине карата өтөт.

Көк-Жар жаңы конушуна салына турчу Гейдар Алиев атындагы мектептин курулуш чыгымын Азербайжан каржылайт. Мектеп 550 орунга эсептелген. 2,24 га аянтты ээлейт.

Copyright © 2017 Maral FM