Биз менен байланышыңыз

Салянова: Атамбаевге каршы көрсөтмө бергем

Кыска кабар , Саясат | 15 Окт 2019 | 1303 | 0

«Атамбаев өзү көрсөтмө бергенин тергөөгө айтып бергем. Мен бул жөнүндө тергөөгө айткам», — деп билдирди мурунку башкы прокурор Аида Салянова Биринчи Май райондук сотунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

— Атамбаевге каршы көрсөтмө бергем. Батукаевдин бошотулушу боюнча көп нерсени билбейм. Мен өзүмдүн билгендерди айтам. Батукаев мыйзамсыз бошогонун ал өлкөдөн чыгып кеткен соң билгем. Атамбаев Батукаевдин бошотулушу мыйзамдуу болгонуна ынандырып, көрсөтмө бергенин айта алам. Бирок ал көрсөтмөнүн мыйзамдуулугу жөнүндө айта албайм. Эгер чындап бул аракеттер туура эмес болгон болсо, Атамбаев жазасын алсын. Кайталайм, эгерде тергөө Батукаевдин бошотулушун мыйзамсыз экенин бышыктаса, Анын башында Атамбаев турган болсо, демек ал жооп бериши керек.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары мурунку президентке каршы түздөн-түз эч ким көрсөтмө бербегендигин айткан.

Кошумчалай кетсек, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу соттук угуулар бүгүн уланууда. Соттук отурум жабык өтүп жатат.

Кечээкиге белгиленген отурумга мурунку президент Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тарткан. Анын жактоочусу Замир Жоошевдин маалымдашынча, Алмазбек Атамбаев сотторго ишенбөөчүлүк билдирип, алардын азыркы бийликтин көрсөтмөсүнүн негизинде иш алып бара турганын айтып, соттук угууну анын катышуусу жок өткөрүүнү талап кылган.

Copyright © 2017 Maral FM