Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык окуучулар геометрия боюнча Иран олимпиадасында эки медаль алды

Кыска кабар | 15 Окт 2019 | 534 | 0

Олимпиадада Исхак Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин окуучусу Барчынбек уулу Сыймык коло, Ош шаарынын «Сема» лицейинин окуучу Адиль Абдирасулов күмүш медалды жеңип алышты. Эки окуучу тең 11-класстар үчүн олимпиаданын татаал вариантынан өтүшкөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандык 78 окуучу (7-11-класстар) геометрия сабагы боюнча Ирандын VI дистанттык олимпиадасына катышты.

«Келечек», «Газпром», «Сапат» жана Бишкектеги №61 мектептин 7-8-класстарынын окуучулары жакшы көрсөткүчтөрдү жаратып, IV даражадагы грамоталарды алышты.

Геометрия боюнча Иран олимпиадасы VI жолу өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 мамлекетинен 6200 окуучу катышкан.

Олимпиаданын 50 тапшырмасы Орусия, Польша, Улуу Британия, Вьетнам, Голландия, Македония, Косово жана Ирландиядагы авторлор тарабынан даярдалган.

Copyright © 2017 Maral FM