Биз менен байланышыңыз

Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук угуу бүгүн уланат

Кыска кабар | 15 Окт 2019 | 571 | 0

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу соттук угуулар бүгүн уланат.

Кечээкиге белгиленген отурумга мурунку президент Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тарткан. Анын жактоочусу Замир Жоошевдин маалымдашынча, Алмазбек Атамбаев сотторго ишенбөөчүлүк билдирип, алардын азыркы бийликтин көрсөтмөсүнүн негизинде иш алып бара турганын айтып, соттук угууну анын катышуусу жок өткөрүүнү талап кылган.

Ошондой эле, жактоочусу Замир Жоошев судьяга соттук угууларга Атамбаевди катыштырбоо тууралуу сураныч менен кайрыла турганын кошумчалаган.

Жогорку Соттун маалыматы боюнча, 2019-жылдын 3-октябрында Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүнө коррупцияга айыпталып жаткан Алмазбек Атамбаев, Индира Жолдубаева, Абдухалим Раимжанов жана Калыбек Качкыналиевдин кылмыш иши келип түшкөн. Соттун 7-октябрдагы токтому менен Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 270-беренесине ылайык бул иш боюнча алдын ала угуу күнү белгиленген.

Кыргыз Республикасынын ЖПК 270-беренесине ылайык, сот өзгөчө оор кылмыштар боюнча, бөгөт коюу чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтөрдү кароого байланышкан маселелерди чечүү үчүн алдын ала угуу жүргүзөт. Алдын ала угуу иш сотко келип түшкөн учурдан тартып 10 суткадан кечиктирилбестен жүргүзүлүүгө тийиш.

Жазык-процесстик кодексинин 275-беренесине ылайык, алдын ала угуу тараптардын катышуусу менен жабык сот отурумунда судья тарабынан жүргүзүлөт.

11-октябрда өткөн алдын ала угууга А.Атамбаев катышуудан баш тартып, сотко жеткирилген эмес. Буга байланыштуу алдын ала угуу 14-октябрга жылдырылган. Кечээ, 14-октябрда дагы сотко келүүдөн баш тартып, 15-октябрга жылдырылган болчу.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM