Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош унаа жолу: Жол кырсыгынан эки адам каза болду

Кыска кабар | 15 Окт 2019 | 682 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек-Ош унаа жолунан 2 унаа кагышып, 2 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун Париж тилкесинде болгон. Анда «Хонда-Степ» жана «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Каза болгондордун экөө эркек, ал эми жаракат алгандар 3 эркек, эки аял болгон.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин аймактык бөлүмүнөн 6 куткаруучу барып, каза болгон жарандардын сөөгү иликтөө-текшерүү үчүн ИИМ кызматкерлерине өткөзүп беришкен. Ал эми жаракат алган жарандарды Тез жардам унаасы менен Жайыл райондук ооруканасына алып келишкен.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM