Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан курамасы бүгүн Монголия менен беттешет

Кыска кабар , Спорт | 15 Окт 2019 | 686 | 0

Бүгүн Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына тандоо турунда Монголия менен кездешет.

Өлкөнүн Футбол федерациясы кабарлагандай, курамабыз кечээ  Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында беттеш алдындагы акыркы даярдыктарын көрүштү.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат. Кыргызстан Футбол федерациясы беттеш «@mycujoo» дареги аркылуу көрсөтүлөрүн айтты.

Командалардын башкы машыктыруучулары кечээ беттеш алдындагы маалымат жыйынын өткөргөн. Кыргызстан улуттук курамасынын Монголия менен беттешинде бир эле максаты бар: ал — жеңиш экенин Александр Крестинин белгилеген.

«Биздин башкы максат – жеңиш. Жеңиш үчүн көп гол киргизүү маанилүү деле эмес. Монголияда мыкты команда бар. Ошондуктан биз колдон келген оюнду көрсөтүшүбүз керек», — деди ал.

Өз кезегинде Монголия курамасынын башкы машыктыруучусу Михаэль Вайсс командасынын Кыргызстанга каршы беттештеги үч артыкчылыгын айткан.

«Биринчиден, оюн биздин стадиондо өтөт. Экинчиден, жергиликтүү күйөрмандар. Үчүнчүдөн, Японияга каршы ойнобой калган Сер-Олд Санжив Ганхуяг оюнга чыгат», — деди Михаэль Вайсс.

Ал ошондой эле, командасы Япония менен болгон беттештен таптакыр башка оюн көрсөтө турганын кошумчалап кетти.

Кыргызстан курамасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы болуучу Азия Кубогуна тандоо этабында Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалары менен «F» тайпада күч сынашууда.

Үч турда эки беттеш өткөргөн улуттук курама азырынча үчүнчү сапта келатат. Япония тизмеде көч баштап, алдыга чыкты. Экинчиде Тажикстан, Монголия төртүнчүдө, ал эми эки беттеште тең жеңилген Мьянма тайпада акыркы орунда калууда.

Copyright © 2017 Maral FM