Биз менен байланышыңыз

«Tashkent City»: Алгачкы объектилер курулуп бүттү [фотогалерея]

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 2485 | 0

Өзбекстандагы «Tashkent City» эл аралык ишкердик борборунун алкачкы имараттары курулуп бүттү. Бүткөн имараттар менен өлкө президенти Шавкат Мирзиёев таанышты.

«Tashkent City» борборунун алгачкы объектилери катары – конгрес-холл, «Hilton» отели жана парктын бүткөрүлгөн курулуштары көрсөтүлдү.

Конгрес-холл жалпы 43 миң чарчы метр аянтты ээлеп, жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштурууга ыңгайланышкан.

Беш жылдыздуу «Hilton» отели 21 кабаттан турат. Бийиктиги — 85,5 метр. Ичинде 258 конок бөлмөсүнөн сырткары бир нече ресторандар, бассейн, спорт залы, СПА кызматтары бар.

«Tashkent City» курулушу борбору шаардын так ортосунда 80 гектар аянтта 2017-жылы күзүндө башталган. Мирзиёев бул долбоор Өзбекстанды дүйнөлүк коомчулукка таанытуучу долбоор экендигин белгилейт.

Мирзиёев бүткөн имараттар менен таанышып чыкты

Tashkent City — жалпы 80 га аянтты ээлейт

5 жылдыздуу Hilton отели 21 кабаттан турат

Copyright © 2017 Maral FM