Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан – Монголия беттешин каяктан көрсө болот?

Кыска кабар , Спорт | 14 Окт 2019 | 2763 | 0

Футбол боюнча 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына тандоо турунда Монголия-Кыргызстан курамалырынын беттеши эртең болот. Өлкөнүн футбол федерациясы кабарлагандай, учурда Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында футболчуларыбыз оюнга даярдыктарын көрүп жатышат. Бүгүн Кыргызстандын улуттук курамасы беттешке кандай түстөгү кийимчен чыгары анык болот.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

Учурда «Беттешти кантип, каяктан көрөбүз?» — деп баш катырган күйөрмандар көр. Кыргызстан Футбол федерациясы бул боюнча маалымат таратты. Анда «@mycujoo» маалымат булагы аркылуу түз алып көрсөтүлөрү белгиленет.

Кыргызстан курамасы бул этапта Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалары менен «F» тайпада күч сынашууда.

Үч турда эки беттеш өткөргөн улуттук курама азырынча үчүнчү сапта келатат. Япония тизмеде көч баштап, алдыга чыкты. Экинчиде Тажикстан, Монголия төртүнчүдө, ал эми эки беттеште тең жеңилген Мьянма тайпада акыркы орунда калууда.

Copyright © 2017 Maral FM