Биз менен байланышыңыз

Элчи Түркиядан «Ыйман» фондуна дагы 5 млн доллар акча сурады

Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 4985 | 0

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын диний башкармалыгынан «Ыйман» фондуна 5 млн доллар акча сурады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлады.

Элчи өткөн аптада Түркия президентинин алдындагы Дин иштери боюнча Башкармалыгынын төрагасы профессор Али Эрбаш менен жолугушкан. Тараптар эки өлкөнүн дин жана диний билим берүү маселелери боюнча кызматташуусун талкуулашкан.

Кыргыз элчиси «Ыйман» фондунун 2019-2022-жылдарга карата Кыргызстандагы диний кырдаалды изилдөө, медреседеги диний билим берүүнү реформалоо, чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык студенттерди билим жана материалдык жагынан колдоо боюнча көздөлгөн долбоорлор жөнүндө кеп салды.

Өмүралиев ошондой эле «Ыйман» фондуна түрк грантынын 5 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү экинчи траншын бөлүп берүү маселесин көтөрдү.

Өз кезегинде Эрбаш мырза бул маселе Түркиянын Тышкы иштер министрлиги менен боло турган кеңешүүлөрдөн жана өлкө президенти бекиткенден кийин чечилерин белгиледи.

Элчи Өмүралиев «Ыйман» фондуна буга чейин бөлүнүп берилген 5 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү түрк гранты 2015-2019-жылдары имамдарды окутууга, алардын билим жана потенциалын көтөрүүгө, стипендияларды берүүгө, «Insan KG» аттуу маалыматтык порталды түзүүгө ж.б. багытталганын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM