Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда нан 2 эсеге кымбаттайт

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 472 | 0

Өзбекстанда нандын баасы 1500 сумга (16 цент же 11 сомго жакын) чейин өсөрү айтылууда. Маалымат булактары буга ун жана буудайдын бааларына болгон чектөөлөрдүн алынып салынышы себеп болгонун жазышууда.

Ошондо бир килограмм ун 1400 сумдан (15 цент же 10 сомдун тегерегинде) 2000-2500 сумга (21-26 цент же 15-19 сом) чейин кымбатташы ыктымал.

Буга чейин бир бөлкө нандын баасы 600-650 сум (7 цент же 5 сомдун тегерегинде) болуп келген.

Аны менен катар жакыр жана көп балалуу үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмү көтөрүлүшү мүмкүн. Анын жалпы суммасы айына 50 миң сумга жетери айтылган (5,3 доллар).

Расмий маалыматка ылайык, Өзбекстанда 1,6 миллион адамга компенсация төлөнөт.

Copyright © 2017 Maral FM