Биз менен байланышыңыз

Мирлан Баеков: Жакында 3 клибиме күбө болосуздар

Көңүл ачуу , Марал шоу | 11 Окт 2019 | 909 | 0

«Кызыл өрүк» деп кыздардын жүрөгүнө жаккан, «Ата тилеги» деп аталардын көңүлүн тапкан, «Кызганба» деп өмүрлөшүнүн санаасын баскан, көп жылдан бери сахнанын жылдызына айланган сакадай бою сары алтын бир жигит бар. Айрым ырлары коңшу өлкөлөрдүн тилине да которулуп, жылдызы жанып турган убагы. Мына ошол белгилүү ырчы-аткаруучу Мирлан Баеков «Марал» радиосунун «Марал-шоу» программасына келип, кызыктуу маек куруп берип кетти.

— Алгачкы кепти чыгармачылыгыңыздагы акыркы жаңылыктарды суроо менен баштагым келди…

— Жаңы ырларды жаздырып жатам. Алдыда 3 клип тарттырам, буюрса. Анан да, Жаңы жылга чейин концерт берүүнү пландап жатам. Баса, жеке студиямды да ачтым.

— Ал эми чыгармачылыктан сырткары кандай жумуштарды аркалайсыз?

— Бизнес кылайын десем, кол тийбей жатат. 2 жыл үй салдым. Азыр болсо, тойдон кол бошобой жаткан кез.

— Кандай жумушту аткаргыңыз келбейт?

— Жер каздырган кара жумушту желкемдин чуңкуру көрсүн. Андай жумушту айылда көп кыла берип тажагам.

— Шоу-бизнестин казанында кайнап келатканыңызга канча жыл болду?

— Быйыл 10 жыл болду. Эгерде ырчылыкка чейинки мезгилди кошсом, анда 15 жыл болуп калат экен. Анткени, чыгармачылыктагы эң биринчи тепкичти 4 баладан турган «Жоролор» тобунда  актердук чеберчилик менен  баштагам. Азыр ошол топтогу балдардын баары шаардабыз. Ал кезде бойдок элек, азыр үй-жай күткөнбүз. Байланышып  турабыз, үй-бүлөлүк катышыбыз бар.

— Учурдун эң популярдуу социалдык тармагы Инстаграм болуп турган маалы. Дегеним, сиз кандай колдоносуз? 

— Инстаграмга жумасына бир жолу сүрөт киргизем. Ал да көңүлүмө жараша болот.

— Канча тилде ырдай аласыз?

— Элге таанылганга чейин кафеде музыкант болуп иштегем. Ал жакта өзбекче, уйгурча, казакча, орусча, анан тилим анча келбесе деле англисче ырдап калчумун (күлүп).

— Жуманын кайсыл күнүн аябай күтөсүз?

— Дүйшөмбү күндү күтөм, аябай. Анткени, ал күнү өзүмө жана үй-бүлөмө көңүл бурууга бош убакыт көп болот. Анан той жо-ок (күлүп).

Маектешкен: Загифа Мусабаева

Copyright © 2017 Maral FM