Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Ирактан дагы 64 баланы алып келди

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 704 | 0

11-октябрь күнү эртең менен Ташкентке Ирактан 64 өзбек баланы алып келген учак конду. Жалпы 39 бала, 25 кыз келди. Алардын 14ү үчкө толо элек, андан башка эки ымыркай да бар.

Балдарды алып келүү «Мээрим» операциясынын негизинде жүргүзүлгөн. Аны өлкө президенти Шавкат Мирзиёев жеке өзү көзөмөлдөгөн.

Бул балдардын көбүнүн ата-энеси ар кандай убадаларга азгырылып, «Ислам мамлекети» өңдүү радикал топтордун катарына кошулуу үчүн Ирак менен Сирияга кетишкен. Террорчу топтор кыйроого учурагандан кийин алар өлтүрүлүп, туткунга түшүп же абактар менен лагерлерге жөнөтүлгөн.

Өзбекстан май айында Сириядан 156 жаранын алып келген. Аларга өкмөт тарабынан медициналык, психологиялык, материалдык жана моралдык жардамдар көрсөтүлөрү маалымдалган. Дагы Сириядан 170 жаранын алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр болуп жатат.

Борбор Азия боюнча алсак:

  • Тажикстан Ирактан 84 баланы алып келген. Дагы Сириядагы качкындар лагерлеринде кармалып турган 575 жаранын алып келери айтылган.
  • Казакстан Сириядан 231 жаранын көчүрүп келгенин маалымдаган.
  • Ал эми Кыргызстан азырынча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон.

Copyright © 2017 Maral FM