Биз менен байланышыңыз

Кытайда көпүрө кулап, унааларды басып калды (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 1371 | 0

Кытайдын Цзянсу аймагындагы көпүрө кулап түшүп, астынан өтүп бараткан унааларды басып калды. Бул тууралуу «Синьхуа» маалымат агенттиги билдирди.

Окуя 10-октябрь, кечки саат алтыдан өткөндө орун алган. Кырсыктан 3 киши каза болуп, 2 киши жаракат алган.

Видеодон байкалгандай, көпүрө кулаганда астынан 2-3 унаа өтүп бараткан. Үстүнөн өткөн оор жүк ташуучу унаада көпүрөдөгү ченемден ашыкча жүк, тактап айтканда, автоцистернада 187 тонна күйүүчү май болгон. Айдоочу тыюуларга карабастан, өтүп кетүүгө аракет кылган.

Copyright © 2017 Maral FM