Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков менен Бердымухамедов кыргыз-түркмөн кызматташтыгын талкуулашты

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 547 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда Ашхабад шаарында Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Жолугушуу Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын Кеңешинин (МБК) жыйынынын алкагында өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухамедовду КМШдагы төрагалыгын ийгиликтүү аткарганын белгиледи.

Президенттер Кыргызстан жана Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташууну активдештирүү боюнча жакынкы мезгил аралыгына биргелешкен пландарды белгилешти жана буга даярдыгын билдиришти.

Ошондой эле Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди кеңейтүүгө кызыкдар экенин маалымдашты.

Copyright © 2017 Maral FM