Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Садыр Жапаров Түркмөнстанга жумушчу сапар менен барат

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 231 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда Түркмөнстанга жумушчу сапар менен барат. Анын алкагында Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) XV cаммитине катышат.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун төрагалыгы астында 28-ноябрда өтө турган Экономикалык Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммитинин жүрүшүндө, өлкө башчылары аймактык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашат.

Ошондой эле Түркмөнстандын ЭКУга жана анын уставдык органдарына төрагалык кылуусунун жыйынтыгын чыгарышат.

Саммиттин соңунда жыйынтыктоочу декларация кабыл алынары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM