Биз менен байланышыңыз

Максат Кошоев: Ар бир тармак технологияны өз пайдасына колдонгонду билиши керек

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 762 | 0

Ар бир тармак технологияны өз пайдасына колдонгонду билиши кажет. Мындай пикирин «Grand Trade Bishkek» компаниясынын жетекчиси Максат Кошоев Бишкекте өтүп жаткан «Bishkek Investment Forum» бизнес-форумунда билдирди.

— Ар ким өзүнүн тармагында жаңы технологияларды колдонушу керек. Анын маңызын, чеберчилигин түшүнсөк, жумушта майнап болот. Техника менен иштөө — абдан маанилүү. Кыргызстандагы мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен жергиликтүү ишкерлер өндүрүшкө технологияны киргизиши зарыл. Сапаттуу өндүрүштө технологияны колдонуу чыгымдарды азайтуу менен сиздин өндүрүшүңүздүн өсүүсүн камсыздайт. Технология бизнестин өзөгү болуп саналат.

Кошоевдин айтымында, эл аралык уюм, донорлордун жардамы менен технологияларды тартып келсе болот. Ошондой эле ишти алдыга жылдырууда эң алгач жумушчуларга жакшы көңүл буруш керек.

— Акча табууга ниеттенген соң, кардардын күтүүсүн аткаруу зарыл. Биздин биринчи кардарыбыз – ишканада иштеген жумушчулар. Аларды шыктандырып турушубуз керек. Кызматкерлерди өнүктүрүү максатында аларды чет өлкөлөрдө өтүүчү көргөзмөлөргө жиберип, семинарларды уюштуруу талап кылынат.

Copyright © 2017 Maral FM