Биз менен байланышыңыз

Данияр Аманалиев: Технология кирешени көбүрөөк табууга жардам берет

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 927 | 0

Технология кирешени көбүрөөк табууга жардам берет. Мындай пикирин «Ololo» компаниясынын кош-негиздөөчүсү Данияр Аманалиев Бизнес инвестициялык форумунда билдирди.

— Технология кирешени көбүрөөк табууга жардам берет. Тазалык – технология. Чогулушту аз өткөрүү – технология. Көчүлүк технологияны түз эле мааниде түшүнөт. Эффективдүүлүккө багытталган бардык нерсени технология десек болот.

Бүгүн «Bishkek Investment Forum» (BIF) — жолугушуу өтүүдө. Бул ишкерлерге бизнеси үчүн каржылык колдоо таба алган, бизнес технологиялары жөнүндө сөз боло турган билим берүүчү Кыргызстандагы эң чоң форум болуп саналат.

Иш-чарага Казакстандан, Өзбекстандан, Чехиядан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан ишкерлер келишет. Ошондой эле, элчиликтер, эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар, ассоциациялар катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM