Биз менен байланышыңыз

Укубаев: Борбор Азия — ар бир ишкердин келечеги

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 748 | 0

Борбор Азия — ар бирибиздин, ар бир ишкердин келечеги. Бул тууралуу «Atalyk Group» агроөнөр жай холдингинин негиздөөчүсү Турат Укубаев Бишкекте өтүп жаткан «Bishkek Investment Forum» бизнес-форумунда билдирди.

Анын айтымында, агроөнөр жай тармагында да товарлардын сапатына болгон атаандаштык өстү.

«Биздин ишканабыз доллар менен гана эмес, юань менен да иштөөгө өттү. Евразиядагы башкарууну автоматташтыруу тармагындагы жаңылыктар биздин бизнеске бир жумадан кийин келет. Бул — өнүгүү үчүн жакшы өбөлгө. Биздин ишкана Орусиянын компаниялары менен атаандашууда. Мындан улам өздүк наркы, өндүрүмдүн сапаты багытында олуттуу иш алып баруу зарыл», — дейт Укубаев.

Бүгүн «Bishkek Investment Forum» (BIF) — жолугушуу өтүүдө. Бул ишкерлерге бизнеси үчүн каржылык колдоо таба алган, бизнес технологиялары жөнүндө сөз боло турган билим берүүчү Кыргызстандагы эң чоң форум болуп саналат.

Иш-чарага Казакстандан, Өзбекстандан, Чехиядан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан ишкерлер келишет. Ошондой эле, элчиликтер, эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар, ассоциациялар катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM