Биз менен байланышыңыз

Динара Руслан: Ишканалар дүйнөлүк атаандаштарына жакындашы керек

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 576 | 0

Ишканалар дүйнөлүк атаандаштарына жакындашы керек. Мындай пикирин «CodifyLab» компаниясынын негиздөөчүсү, Zensoft ишканасынын долбоорлорду өнүктүрүү директору Динара Руслан Бишкекте өтүп жаткан «Bishkek Investment Forum» бизнес-форумунда билдирди.

Ал белгилегендей, кызматкерлер менен иштөөдө жакшы менеджер гана эмес, керек болсо психолог да болуу кажет.

«Биз жаңы инструментти ишке киргизүү үчүн 3 ай күтөбүз. Биз бизнести аң-сезимди өзгөртүү менен баштадык. Анткени, дүйнөлүк ишканалар менен атаандашабыз. Биринчи кезекте технологиялардын сапатына маани берүү зарыл. Биз эл аралык рыноктогу деңгээлге чыга албай жаткандайбыз. Кардарлар менен баарлашууну жөнөкөйлөштүрүп, алардын бардык суроолоруна жооп берүүнү ойлондук. Экинчи маселе — тартипти жакшыртуу. Биз чөлкөмгө же аймакка эмес, дүйнөгө багыт алышыбыз керек», — дейт Динара Руслан.

 

Copyright © 2017 Maral FM