Биз менен байланышыңыз

АКШнын элчиси: Эмне үчүн Кыргызстанда соода-сатык аз? Анткени, коррупция көп

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 2388 | 0

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кыргызстан менен соода кызматташтыгынын өсүп-өнүгүүсүн каалайт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Бишкек инвестициялык форумунда сүйлөп жатып билдирди.

«Эмнеге Кыргызстанда Америка, Япония жана Батыштан соода-сатык аз. Анткени, Кыргызстанда коррупция көп. Президент Сооронбай Жээнбеков демилгелеген коррупцияга каршы бул көйгөйдү жоюуга жардам берет деп ишенем. Ири инвесторлор туруктуулукту, соттордун адилеттүү иштешин каалайт. Ошондой эле, мамлекеттик башкаруучулар менен тыгыз байланышта болууну самашат», — дейт элчи.

Эскерте кетсек, бүгүн «Bishkek Investment Forum» (BIF) — жолугушуу өтүүдө. Бул ишкерлерге бизнеси үчүн каржылык колдоо таба алган, бизнес технологиялары жөнүндө сөз боло турган билим берүүчү Кыргызстандагы эң чоң форум болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM