Учурдагы Бажы кызматынын башчысы Алтынбек Торутаев, мекеменин башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Евразия Экономикалык Комиссиясынын Бажы Кызматташтыгы боюнча министр Нурлан Акматов жана бир топ коштоочулар менен чогуу тоодогу эс алууда түшкөн сүрөт боюнча Бажы кызматы үн катты.
Маалыматка ылайык, сүрөт 2015-жылы Ош шаарынын четинде, бажы кызматынын бир кызматкеринин жеке иш-чарасында тартылган.
Аталган мезгилде Райымбек Матраимов Ош бажы кызматынын башчысы болуп иштеп турган жана ошондой эле ал 1997 -жылдан 2017-жылга чейин бажы системасында ар түрдүү кызматтарды аркалап келген.
Мындан сырткары, сүрөттөгү Шарабидин Марифов 1995-жылдан 2017-жылга чейин бажы системасында ар түрдүү кызматтарды аркалап келген. 2017-жылы жол кырсыгынан каза болгон.
1 пикир