Биз менен байланышыңыз

Канатбек Маматов: Матраимов да Кыргызстандын футболуна салым кошуп жатат

Кыска кабар , Спорт | 8 Окт 2019 | 2486 | 0

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду футболдук кечеге Кыргызстандын футбол федерациясы чакырган. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, федерация Кыргызстандын футболуна салым кошкон бардык тараптарды чакырган. Алардын катарында «EREM» футзалдык клубунун президенти Райымбек Матраимов да бар.


ФОТО: Раимбек Матраимовдун жаңы сүрөтү


«Ал киши өлкөдө футболдун өнүгүшүнө өз салымын кошуп жатат. Анын «EREM» командасы үч жолу удаасы менен футзал боюнча Кыргызстандын Суперлигасын утту. Клубдар арасында Азия чемпионатына катышып, мыкты сегиз командага кирди.

Спорт саясаттан алыс болушу керек. Спортту, анын ичинен футболду колдогон инсандардын баарын чакырып, рахматыбызды, ыраазычылыгыбызды айттык», — деди Канатбек Маматов.

Райымбек Матраимовдун футболдук кечеде жүргөнү жалпыга маалымдоо каражаттарында кызуу талкууга түшкөн.


Абдыраимов: «EREM» быйыл Азияда алдыңкы төрттүккө кирүүгө умтулуп жатабыз


 

Copyright © 2017 Maral FM