Биз менен байланышыңыз

Оюн талаасына чуркап чыккан күйөрман боюнча ФИФАнын чечими чыкты

Кыска кабар , Спорт | 6 Дек 2019 | 3630 | 0

Кыргызстан – Мьянма курамаларынын футболдук беттешинде кыргызстандык күйөрмандын оюн талаасына чуркап чыкканы үчүн Эл аралык футбол уюму (ФИФА) Кыргызстанга эскертүү берди.

Кечээ ФИФАнын тартип комитети футбол талаасына чыгып кеткен маселени карап, чечим чыгарган. Анда комитет беттештин комиссары жана коопсуздук офицерлеринин оюнду уюштуруу боюнча жакшы комментарийлери, КРФФнын жетекчилигинин жеңил чара көрүү боюнча кайрылуусу эске алынганы айтылат.

Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясынын (КРФФ) президенти Канатбек Маматов “Маралга” бүгүн комментарий берип, жеңил чечим кабыл алынганын айтты.

— Биз ФИФАга жеңил чара көрүп бергиле деп кайрылуу жасаганбыз. Күйөрман кубанганынан оюн талаасына чыгып кеткенин, Кыргызстандын футболунда каражат тартыш экенин билдирдик. Кайрылууда эл, күйөрмандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын, эми мындай көрүнүш кайталанбай турганын айтканбыз. Бул өтүнүчтөрдүн негизинде жеңил чечим кабыл алынды, — деди КРФФнын президенти Канатбек Маматов.

Эске сала кетсек, 2022-дүйнө чемпионатынын тандоо турунда 10-октябрда Кыргызстан улуттук курамасы Мьянманы кабыл алып, 7:0 эсебинде уткан. Беттештин акыркы мүнөттөрүндө бир күйөрман футбол талаасына чыгып кеткен. Мындан улам, беттеш бир канча убакытка токтотулган.

2015-жылы Дүйнө чемпионатына тандоо турунда Австралия менен беттеште да дал ушундай окуя болгон. Анда Кыргызстандын футбол федерациясы ФИФАга 28 миң доллар айып төлөгөн.

Copyright © 2017 Maral FM