Биз менен байланышыңыз

Бишкекте футбол борборун куруу боюнча маалымат жыйын өтөт

Кыска кабар , Спорт | 30 Дек 2019 | 685 | 0

Бүгүн, 30-декабрда Бишкекте футбол борборун куруу маселесине байланыштуу маалымат жыйыны өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясынын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу күйөрмандарга жасаган кайрылуусунда айтылат.

Аталган маселенин тегерегинде чыгып жаткан ар кандай сөздөрдөн, митинг, акцияга болгон чакырыктардан улам федерация маселенин чоо-жайын коомчулукка түшүндүрүү максатында маалымат жыйын курарын билдирет.

Футбол борборун куруу маселесин кароо шаардык кеңеште үч жолу кийинкиге жылдырылып, учурда 2020-жылга калтырылды. Бишкек мэриясы шаардык кеңештин токтомуна ылайык. жер тилкелерин берүүгө мораторий жарыяланганын, ушундан улам мэр жер тилкелерин жана муниципалдык мүлктү өзүмбилемдик жолу менен берүүгө укугу жок экенин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM