Биз менен байланышыңыз

«Эл Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратуу жолу менен жазалагысы келүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Окт 2019 | 717 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев «Маралга» берген маегинде элде парламентти мөөнөтүнөн мурда таратып, жазалоо мүдөөсү бар экенин билдирди.

Анын айтымында, парламентаризм — Кыргызстандын келечеги. Бирок анын эң башкы инструменти болгон парламенттин абалы төмөндөп бара жатат.

Осмоналиев пленардык жыйынга гана катышкан депуттар бар экенин айтып, сынга алды.

«Парламент барган сайын басаңдап кетүүдө. Элдин кыжырына тийген учурлар болуп жатат. 2 жылда парламент жөнүндө эмне деген сөздөр айтылбады», — дейт экс-депутат.

Copyright © 2017 Maral FM