Connect with us

Медицина боюнча Нобель сыйлыгын алуучулар аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 846 | 1

Медицина жана физиология боюнча 2019-жылдагы Нобель сыйлыгы Уильям Келин, Питер Рэтклифф жана Грегг Семензага ыйгарылары маалым болду.

Алар тирүү организмдеги клеткалардын кычкылтектин жетишсиздигине болгон ыңгайлашуусун изилдешкен.

Сыйлыкты тапшыруу аземи 10-декабрь — Альфред Нобелдин каза болгон күнүндө өтөт.

Нобель сыйлыгына бул жылы берилчү акчанын суммасы 9 млн кронду (910 миңден ашуун доллар) түзөт.

Белгилей кетсек, 2018-жылы медицина жана физиология боюнча Нобель сыйлыгы «Иммундук аракет менен ракты дарылоо» аттуу изилдөөгө ыйгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM