Биз менен байланышыңыз

Путин Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 561 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин дүйнөлүк Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу орусиялык жазуучу Сергей Комков билдирди.

Бул арада Кремль да Путинге Нобель сыйлыгы берилеби, жокпу деп кызыгып турган чагы.

Журналисттердин «Кремль Путиндин бул сыйлыкка көрсөтүлүшүнө кандай көз карашта?» деген суроосуна:

-Эгерде сыйлык берүү чечими кабыл алынса — жакшы. Кабыл алынбай калса да эч нерсе эмес,- деп жооп берди президенттин пресс-катчысы Дмитрий Песков.

17-сентябрда орусиялык саясатчы Алексей Навальный Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөнү маалым болгон.

Маалымат үчүн айта кетсек, ушул убакка чейин Орусиянын жарандары Нобель сыйлыгын ала элек. СССР учурунда Андрей Сахаров (1975) жана Михаил Горбачев (1990) сыйланышкан.

Быйыл дүйнөлүк лидерлерден Нобель сыйлыгына  АКШнын президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху да көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM