Медицина жана физиология боюнча 2019-жылдагы Нобель сыйлыгы Уильям Келин, Питер Рэтклифф жана Грегг Семензага ыйгарылары маалым болду.
Алар тирүү организмдеги клеткалардын кычкылтектин жетишсиздигине болгон ыңгайлашуусун изилдешкен.
Сыйлыкты тапшыруу аземи 10-декабрь — Альфред Нобелдин каза болгон күнүндө өтөт.
Нобель сыйлыгына бул жылы берилчү акчанын суммасы 9 млн кронду (910 миңден ашуун доллар) түзөт.
Белгилей кетсек, 2018-жылы медицина жана физиология боюнча Нобель сыйлыгы «Иммундук аракет менен ракты дарылоо» аттуу изилдөөгө ыйгарылган.