Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков менен Путин ЖККУнун сесиясына даярдыктарды талкуулашты

Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 147 | 0

Бүгүн, 7-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путинди туулган күнү менен жылуу куттуктап, Орусиянын өнүгүүсүнө багытталган пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелерин жана Бишкекте 28-ноябрда өтүүчү Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюумунун Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин сессиясына даярдыктарды талкуулашты.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путиндин дарегине туулган күнүнө карата куттуктоо телеграммасын да жөнөткөн.

Copyright © 2017 Maral FM