Биз менен байланышыңыз

Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына карата кино-кербен өткөрүлүп жатат

Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 461 | 0

Даңазалуу сүрөтчү жана кино актёр Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына карата Кыргызстандын бардык аймактарында тематикалык кино-кербен өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди.

Маалым болгондой, Талас облусунда аталган иш-чарага байланыштуу XXV отурум өткөн.

Кино-кербен сентябрь айынын аягы октябрь айынын башы менен Нарын жана Кемин райондорунда, Токмок шаарында болгон.

Ал эми алдыда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык Көл жана ошондой эле Чүй облусттарын кыдыруу мерчемделип жатат.

Белгилей кетсек, Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясында Сүймөнкул Чокморов тууралуу даректүү тасма тартылып бүткөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM