Биз менен байланышыңыз

Орусия: Кыргызстандык мигрант орус аялды сүзүп өлтүрүп алды

Кыска кабар | 4 Окт 2019 | 637 | 0

Орусиянын Ленинград облусунда мыйзамсыз иштеп жүргөн кыргызстандык мигрант велосипедчен аялды сүзүп кетти. Аял окуя болгон жерде жан берди. Бул тууралуу Бокситорск районунун Жол коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы билдирди.

Фургон, Peugeout жеңил унаалары жана велосипедчен аял катышкан кырсык Вологда — Тихвин — Кола унаа жолунда катталган. Велосипедчен аял жолдун ортосуна өтүп баратканда, «Газель» унаасынын айдоочусу, кыргызстандык 29 жаштагы жаран буйтап өтөм деп, аялды сүзүп, андан тышкары, Peugeout жеңил унаасына урунган. 37 жаштагы велосипедчен аял Тез жардам келгенге чейин эле жан берген.

Күч түзүмдөрүнүн маалымат боюнча кыргызстандык мигрант мыйзамды бузган. Ага 2021-жылга чейин Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

Copyright © 2017 Maral FM