Биз менен байланышыңыз

400 мугалимдин көзүнө акысыз операция жасалат

Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 2147 | 0

Кыргызстандагы мугалимдердин ден соолугун чыңдоо, бекемдөө жана социалдык, жеке — мамлекеттик өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен «Дордой офтальмик-сервис» Көз микрохирургиясы медициналык борборунун башкы директору Асизбек Эшмамбетов атайын келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, өлкөдөгү билим берүү уюмдарынын 400 кызматкерине көз катарактасынын алдын алуу жана башка көз ооруларын жок кылуу үчүн жогорку технологиядагы хирургиялык операциялар акысыз жасалат.

Билим берүү кызматкерлеринин көз патологиясын текшерүү үчүн офтальмологдор тобу түзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM