Биз менен байланышыңыз

Ош мэриясы Матраимовдун үйү салынган жерди текшерет

Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 623 | 0

Ош шаардык мэриясы келерки жумадан тарта Руслан Матраимовдун үйү жайгашкан жерди текшерип баштайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсатаров «Марал» радиосуна билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» радиосу «Руслан Матраимовдун үйү Оштогу «Келечек» балдар борборунун эксперименттерди өткөрүү аянтчасына курулган жана ошол жердеги өтүүчу жолду тосуп алган», — деген маалымат тараткан.

«Азыркы мэр Таалайбек Сарыбашевдин тушунда Матираимовдордун үйү боюнча эч ким арызданган жок. Бирок биз коомчулукта, ЖМКларда маселе көтөрүлгөндүгү үчүн текшерип иликтейбиз. Иликтөөбүздүн натыйжасында толук маалымат берилет. Ал жер кимдин тушунда берилген, мыйзамдуубу, мыйзамсызбы, ошондо айтылат. Биз азыр мыйзамсыз берилген, тосуп алган деп айта албайбыз», — деди Азамат Абсатаров.

Эске салсак, 28-сентябрда Ош шаарында «Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчуманов аталган үйдүн айланасында телеберүү тартып жүргөндө анын колундагы техникасын, документтерин жана автоунаасынын ачкычын тартып алышкан. Окуяны Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы териштирүүдө. Техника милицияга берилген. Дарыгерлер оператор Кулчумановдун саламаттыгын текшерип, ал дарыланышы керек экенин билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM