Биз менен байланышыңыз

Катар өлкөсү Кыргызстанда ооруканаларды куруп берүүгө кызыкдар

Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 530 | 0

Катар мамлекетинин кайрымдуулук уюму Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун, аймактардагы ооруканаларды куруп берүүгө даяр.

Бул тууралуу аталган өлкөнүн элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти кечээ Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен болгон жолугушууда айтканын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Элчи ошондой эле Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы оорукана комплексинин курулушу аяктап калганын кошумчалады.

«Биз Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына жигердүү көмөк көрсөтүү ниетибиз бар. Алыскы аймактардагы ооруканалардын курулушу, саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча жардамдашууга даярбыз. Бул багытта биз жакынкы мезгилдерде биргелешкен пландарды түзүп, аларды ийгиликтүү ишке ашырабыз деп үмүттөнөм», — дейт элчи Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти.

Өз кезегинде Чолпонбаев министрлик элге сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу багытында иштерди жүргүзүп жаткандыгын белгилейт. Ошондуктан дал ошол аймактарда заманбап ооруканаларды куруу боюнча аракеттерге министрлик жакындан көңүл бурарын Космосбек Чолпонбаев айтты.

Тараптар бул маселелер, мындан сырткары, катарлык дарыгерлер менен жергиликтүү догдурлардын акысыз операцияларды өткөрүү боюнча биргелешкен акциясынын күнүн белгилөө үчүн дагы кошумча жолугушуу өткөрүүнү макулдашты.

Copyright © 2017 Maral FM