Биз менен байланышыңыз

Үч жылда «Катар Черити» уюму 1,5 миллиард сомдук жардам көрсөттү

Кыска кабар | 1 Мар 2021 | 432 | 0

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова «Катар Черити» кайрымдуулук уюмунун директорунун орун басары Алсамман Хомам мырза менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

«Катар Черити» кайрымдуулук уюмунан жөлөк пул алган 11 жашка чейинки жетим жана жарым жетим баланын саны 600гө көбөйдү. Уюм мындан тышкары, балдарга кийим-кече, окуу куралдары жана тамак-аш сатып алууга жардам берет. Жетим, жарым жетим жана майып студенттердин контракттарын төлөөгө жардам берүү боюнча 229 кайрылуунун ичинен 102 арыз кабыл алынды. Калган арыздар ушул жылы каралат. Ошондой эле «Катар Черити» майыптарга 140тан ашуун жаңы коляска берди.

Акыркы үч жыл ичинде «Катар Черити» кайрымдуулук уюму жалпы суммасы 1,5 миллиард сомдук жардам көрсөткөн. Жөлөк пул алган жетим жана жарым жетим балдар 3500дөн 7500гө чейин көбөйдү. 

Алсамман Хомам «Катар Черити» мындан ары дагы социалдык чөйрөнү жана инфраструктураны өкүктүрүүдө министрлик менен тыгыз кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар көтөрүлгөн маселелерди жана жемиштүү кызматташууну жүзөгө ашыруу үчүн кайрадан кездешүүгө макулдашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM