Биз менен байланышыңыз

Катар бийлиги Газа тилкесиндеги палестиндерге 480 миллион доллар бөлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 7 мая 2019 | 557 | 0

Катар өлкөсүнүн эмири Тамим бен Хамад Аль Тани Газа тилкесиндеги палестиндерге жана Палестина менен Израилдин ортосундагы кагылышууда жабыр тарткандарга 480 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу Катардын Тышкы иштер министри билдирди.

«Катар эли палестиндер менен бир тууганбыз. Бизди диний көз карашыбыз бириктирип турат. Израилдин кысымы болуп жана эл аралык гуманитардык жардам кыскартылып турган кыйын кезеңде, мындай колдоо Палестина үчүн керек», — деп белгилейт министр.

Катар дайыма палестиндерге каржылык жардам көрсөтүп келет. Айрыкча, Газа тилкесиндеги тургундарга.

Тель-Авив менен Газа тилкесиндеги ХАМАС тобунун акыркы тирешүүсү 3-майда башталган. Анда палестиналык аскер израилдик эки жоокерди жарадар кылган. Израиль учактары жооп иретинде ХАМАСка сокку урган.

Эки күнгө созулган атышуудан улам, Израиль тараптан 4, палестиналыктардан 25 адам көз жумган. Арасында аймак тургундары да бар.

Copyright © 2017 Maral FM