Биз менен байланышыңыз

Палестина менен Израиль атышууну токтотууга макулдашты

Дүйнө , Кыска кабар | 6 мая 2019 | 628 | 0

Палестина менен Израиль Газа тилкесиндеги атышууну токтотууга макулдашты. Бул келишим Египет өлкөсүнүн ортомчулугу менен ишке ашканын Рейтер агенттиги кабарлады.

Келишимге ылайык, эки өлкө атышууну бүгүн, 6-майда токтотууга тийиш. Буга чейин Европа Биримдиги атышууну токтотууга чакырган.

Тель-Авив менен Газа тилкесиндеги ХАМАС тобунун акыркы тирешүүсү 3-майда башталган. Анда палестиналык аскер израилдик эки жоокерди жарадар кылган. Израиль учактары жооп иретинде ХАМАСка сокку урган.

Газа тилкесинен акыркы бир күндө Израиль тарапка 600дөй ракета атылган. Ал эми Израиль тараптан 300дөй жооптук атуу болгон.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Израиль тараптан 4, палестиналыктардан 25 адам көз жумган. Арасында аймак тургундары да бар.

Кошумчалай кетсек, атышуу быйыл Тел-Авивде өтүүчү «Евровидение — 2019» сынагынын алдында орун алды. Газа тилкесиндеги мындай абалга карабай, коноктор жана сынак катышуучулары өлкөгө келип, эл аралык жарышка кызуу даярдыктар жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM